Дагы бир айта кетчу нерсе туштук туугандар, эмне учун кыргызча жазганда баарынар бирдей ката кетиресиздер? Кыргыз тили бар го, эрежеси дагы бар Кудайга шугур, бирок ошого карабастан туштук жердештерибиз бирдей катачылыктарды кетирет, мисалы мен байкаган каталар: Атамды, апамды, досумду, байкемди деген сыяктуу создор - атамы, апамы, байкеми, досуму деп айтасынар жана жазасынар. Бутумду, колумду, бетимди деген сыяктуу создорду - бутуму, колуму, бетими деп жазасынар. Келесиз, бересиз, аласыз деген создорду - келес, алас, берес деп жазасынар. Катуу деген созду кобунчо катту деп жазгандарын байкайм. Кучотуу тамгаларын да унутуп каласынар, мисалы келтирсем, Токмокко дегенди Токмоко деген сыяктуу, белекке дегенди - белеке, журокко тийген создорду - журоко деп койосунар. Жана башко ушу сыяктуу каталарды коп эле байкайм, тан калычтуу нерсе, жалан гана туштук мекендештеримден байкайм. Катуу тийсе таарынбагыла туугандар, туура тушунгуло, мен диалектти айткан жокмун, ар бир жердин диалектин сыйлайм, бирок туура жазуу диалекттен коз каранды эмес жердештер. |